Эртең, 4-ноябрда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +8…+13,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,
Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10.
Бишкек шаарында түнкүсүн +5…+7, күндүз +12…+14.