Эртең, 4-октябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,
Бишкек түнкүсүн +7…+9, күндүз +18…+20 градус болот.