• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

4-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

3 Аяк оона 2022 14:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +33…+35 градус болот.

Количество просмотров: 204