• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

5-августта күтүлгөн аба ырайы

4 Баш оона 2023 14:05 Бишкек Govori.TV

5-августта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 35…37 градус болот.

Количество просмотров: 247