• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

5-декабрь Эл аралык ыктыярчылардын күнү

5 Бештин айы 2017 17:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 5-декабрь Эл аралык ыктыярчылардын күнү. Буга байланыштуу КМШ өлкөлөрүндө иш алып барган ыктыярчылар видеокөпүрө аркылуу байланышты

Бишкектен байланышка чыккан ыктыярчы Динара Алиева видеомостун жүрүшүндө мамлекетке караганда, ыктыярчылардын иши ыкчам экендигин билдирди. “ Быйыл 16-январда Дача СУ айылына таңкы саат 06:00да “Боинг 747” учагы кулап 30дан ашык адам каза тапкан. Бул маалымат бизге жетер замат, саат 09:00дөн баштап WhatsAppтагы групабыз аркылуу материалдык жардам чогултуп баштаганбыз. Саат 12:00го чейин биздин офиске кирүү мүмкүн эмес болуп калган, анткени баардыгы жылуу кийимдереге, азык-түлүккө толуп калган. Бир сааттын ичинде 250 машина жардам берүүгө келишкен” –деди Алиева

Мындан сырткары былтыр кышында ыктыярчылар эртең менен көчө шыпыргандарга ысык чай беришкенин да айтып. Бул ишти социалдык тармак колдоого алып жылуу пикирлерин жазышканын билдирди. Учурда ыктыярчылар WhatsAppта “Волонтеры доброй воли”деген аталышта иш алып барат.

https://www.youtube.com/watch?v=sUnhfWg57m4&feature=youtu.be

Количество просмотров: 60