Эртең, 5-июлда өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;
Бишкек шаарында түнкүсүн 17…19°, күндүз 28…30° жылуу болот.