5-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0…5 күндүз 1…6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз -1…+1° болот.