• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

6-апрелде күтүлгөн аба ырайы

5 Чын куран 2024 15:22 Бишкек Govori.TV

6-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° жылуу болот.

Количество просмотров: 673