Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +30…+35,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +25…+30,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +34…+36 градус болот.