• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

6 жашар Россиялык кызды дүйнөдөгү эң татынакай кыз деп табышты

6 Бештин айы 2017 14:05 Бишкек Govori.TV

Пермь шаарынан чыккан россиялык алты жашар модель Анастасия Князева «дүйнө жүзүндөгү эӊ сулуу кыз» деп табылды. Мурдараак бул наамды француженка Тилан Блондо алып жүргөн деп жазып чыкты Daily Mail басылмасы.

Настя модель бизнесине беш жашында келген. Учурда Kids Management модель  агенттиги менен иштешет. 2015-жылдын июль айында апасы Анна кызына «Инстаграмда» барак ачкан. Анастасия ошол замат өзүнүн өзгөчө жүзү менен элдин көӊүлүн бурган.

Интернет колдонуучуларды анын кызгылт чачтарына жарашкан көгүш көздөрү суктанууну жараткан. Кичинекей модель өзүнүн өзгөчө жүзү менен «дүйнөдөгү эӊ сулуу кыз» наамына ээ болду. Настя француз Тилан Блондо жана россиялыкКристина Пименоваларды артка калтырды

Кичинекей кыздын социалдык тармагына катталгандардын саны учурда 500 миӊ адамды түзөт. Анастасия ошондой эле балдардын кийимин чыгарган бир нече популярдуу маркалар менен иштешүүгө үлгүргөн

2016-жылдын октябрында ал Little Miss Aoki коллекциясынын — Mischka Aok люкс брендинин жүзү катары таанылган

Мындан сырткары Настяны  Amoreco жана Kisabiano кампанияларына катышууга чыкырышкан

Количество просмотров: 12