• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

7,5 миллион сомдон ашык баалуу зер буюмдарды алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

6 Тогуздун айы 2022 17:37 Бишкек Govori.TV

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери 7,5 миллион сомдон ашык баалуу зер буюмдарды контрабандалык алып келүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аэропортунда «Стамбул-Ош» каттамы боюнча рейсти бажылык тариздөө процессинде декларацияланбаган «сары металл буюмдары» аныкталып, кармалган. Өзбекстан Республикасынын эки жараны «К.М.» жана «Т.Г.Ш.» зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын атайын кесилген оюктарына катып, Кыргыз Республикасында ЕАЭБ бажы аймагына алып кирүүгө аракет кылган.

«Т.Г.Ш. жана К.М. аттуу жарандар сары металлдан жасалган (585 белгиси боюнча алтын) буюмдарды бажы жагынан эч кандай товарды коштоочу документтери жок алып келүүгө аракет кылган. Чынжырлар — 179 даана, билерик — 52 даана. Кармалган товардын жалпы салмагы 2,406 граммды (таза), орточо базар баасы 7 699 200 сомду түзгөн.»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар Түштүк-Батыш бажысынын КБР МЭЖ АДСга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 960