Талас районунун аймагында «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү адистерди тартуу менен текшерүү иштери учурунда, Суусамыр — Талас — Тараз автожолунун айрым участокторунда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда мамлекетке 10 миллион сомдон ашык келтирилген зыян аныкталды.
Азыркы учурда, бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тийешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.