• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

7-декабрда күтүлгөн аба ырайы

6 Бештин айы 2023 14:24 Бишкек Govori.TV

7-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 4…6° болот.

Количество просмотров: 443