• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

7-мартта күтүлгөн аба ырайы

6 Жалган куран 202514:50 Бишкек Govori.TV

7-мартта түнкүсүн Талас, ЖалалАбад облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, кар жаайт. Тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9
  • Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8
  • Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10
  • Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7
  • Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5
  • Бишкек шаарында түнкүсүн 0…+2°, күндүз +6…+8° болот.
Количество просмотров: 288