• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«7 млн зыян келтирилген». Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына иш козголду

23 Бештин айы 2022 11:49 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө, 2018-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сомдук бюджеттик акча каражаттарынын жетишсиздиги аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Райондук прокуратура тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 796