• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

7-октябрга карата аба ырайы

6 Тогуздун айы 202312:55 Бишкек Govori.TV

Эртең, 7-октябрда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус болот.

Количество просмотров: 304