8-9-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрдө жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, суу кар жаайт. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 9-10-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1 градус суук болушу күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5 суук, күндүз +1…+6, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5… -10, күндүз -3…+2, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -10…-15 суук болот.