8-апрелде түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндуз +21…+26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° жылыйт.