Кыргызгидромет борбору 8-апрелде жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Түштүк-батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,
Талас дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,
Нарын жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндуз 3…8°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26°.