• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

8-августта күтүлгөн аба ырайы

7 Баш оона 2023 14:43 Бишкек Govori.TV

8-августка караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус ысыйт.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…32 градус болот.

Количество просмотров: 226