• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

8-декабрда күтүлгөн аба ырайы

7 Бештин айы 2021 15:44 Бишкек Govori.TV

Эртең, 8-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаай. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн -1…+4

күндүз +4…+9

Талас облусунда

түнкүсүн -2…+3

күндүз +4…+9

Баткен облусунда

түнкүсүн +1…+6

күндүз +8…+13

Ош, Жалал-Абад облусунда

түнкүсүн +1…+6

күндүз +8…+13

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн 0…-5

күндүз +2…+7

Нарын облусунда

түнкүсүн -10…-15

күндүз -3…+2

Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус болсо, күндүз +7…+9 градуска жетет.

Количество просмотров: 833