• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

8-февралда күтүлгөн аба ырайы

7 Бирдин айы 202315:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-февралга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5,

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+5 болот.

Теги:
Количество просмотров: 69