8-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк бөлүгүндө, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21 күндүз +31…+36
Таласта түнкүсүн +10…+15 күндүз +29…+34
Баткенде түнкүсүн +18…+23 күндүз +31…+36
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23 күндүз +31…+36
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17 күндүз +20…+25
Нарында түнкүсүн +9…+14 күндүз +24…+29
Бишкек шаарында түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.