• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

8-июлда күтүлгөн аба ырайы

7 Теке 2023 14:25 Бишкек Govori.TV

8-июлга караган түнү Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Бишкек шаарында 8-июлда өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.

Количество просмотров: 273