8-октябрда түнкүсүн өлкөнүн аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6 күндүз 16…21
Таласта түнкүсүн 1…6 күндүз 15…20
Баткенде түнкүсүн 7…12 күндүз 20…25
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12 күндүз 20…25
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7 күндүз 14…19
Нарында түнкүсүн -2…+3 күндүз 12…17
Бишкек шаарында түнкүсүн +3…+5, күндүз +18…+20 градус болот.