• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«8-Түрк дүйнөсү даректүү тасма фестивалы». Сыйлыктары жеңүүчүлөрүн тапты (тизме)

25 Тогуздун айы 2023 12:07 Бишкек Govori.TV

8-Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалынын сыйлыктарын тапшыруу аземи Анкарада өттү. Фестивал жарыялангандан бери 23 өлкөдөн 372 даректүү тасма келип түшкөн.

Фестивалга Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгы, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар төрагалыгы, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги, университеттер, кесиптик уюмдар, байланыш жана медиа уюмдары жана өкмөттүк эмес уюмдар колдоо көрсөтүштү.

Иш-чара Азербайжан киносунун 100 жылдыгына арналган Азербайжан кино плакаттарынын көргөзмөсү менен ачылды.

Бул жылы фестиваль 6-февралдагы Кахраманмараш жер титирөөсүндө каза болгон жарандарга арналды. Ошондой эле, 28-сентябрда дүйнөдөн кайткан Түрк дүйнөсүнүн белгилүү инсаны, азербайжандык депутат Ганире Пашаеванын элесине “ Бир тууган-Хакастар” деп аталган Түрк дүйнөсүнүн урмат сыйлыгы Казакстандан Назгүл Кенжетайга берилди.

Түрк дүйнөсүнүн маданиятына жана искусствосуна кызмат кылган музыка изилдөөчү, композитор, ырчы Ирфан Гүрдалга «2023 Түрк дүйнөсү Өмүр бою урмат” сыйлыгы тапшырылды.

8-Түрк дүйнөсү даректүү тасма фестивалында атайын сыйлыктар төмөнкү даректүү тасмаларга берилди:

“Түрк мамлекеттик уюмдары — 2023 Заманбап Жибек Жолу Туризм Алкагы” атайын сыйлыгы Кыргызстандан “Почтален” тасмасы үчүн Ибадилла Ажыбаевге ыйгарылды. “Азербайжан маданият министрлигинин “Азербайджан киносунун 100 жылдыгына арналган” атайын сыйлык “Жер титирөө жана Овакенттен келген өзбектер” аттуу фильми үчүн Түркиядан Хусейин Өзденге берилди. «Жюринин атайын” сыйлыгына “Сириялык космонавт” фильми менен Чарльз Эмир Ричард ээ болду.

8-Түрк дүйнөсү даректүү фильмдер фестивалында студенттик даректүү тасма категориясы сыйлыктары:

«Студенттик даректүү тасма категориясы — 2023 биринчи байге “Чайыбызды терип жаткан Шерида Киран (Түркия-Англия), экинчи сыйлык “Тирик Аскар” Шерзод Назаров (Өзбекстан), үчүнчү “Ак тоонун балдары» Ялчын Чифтчи (Түркия). “2023 студенттик даректүү тасма категориясы боюнча калыстар тобунун атайын сыйлыгы” Кеннеди Гүлбен аарычынын төрөлүшү” (Түркия).

Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын президенти Мендерес Демир ачылыш сөзүндө федерациянын кесиптик ишмердүүлүгүнөн тышкары маданий изилдөөлөрдү да жүргүзүп жатканын айтты. Ал белгилегендей, алар фестивалды мамлекеттик мекемелер, бейөкмөт уюмдар жана кесиптик уюмдар менен биргеликте уюштурушкан. Уюштуруучу фестивалда бул жылы университеттерге басым жасагандарын жана муну алдыдагы жылдарда да уланта тургандарын айтты.Ошондой эле, Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгында 8 — Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалын сыймык экенин белгиледи.

Сыйлык алган даректүү тасмалар 9 өлкөдө көрсөтүлөт. Алгач Азербайжандын Баку шаарында андан соң Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Венгрияда, Түндүк Македонияда көрсөтүлүп, Түндүк Кипр Түрк Республикасында жабылып, Нигде Өмер Халисдемир университетинде бүтүшү пландалууда.

Количество просмотров: 62