Тармактык комитет мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана сый акылар жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жактырылды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Кубан Казаков белгилегендей, мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жана мамлекеттик сый акыларынын 46 түрүнөн 20 түрүн кароо сунушталууда.
Алсак, мыйзам долбоору менен «Данакер», үч даражадагы «Эрдик» ордендерин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардак наамын жана экинчи категориядагы «Эмгек сиңирген» деген ардак наамдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары системасынан алып салуу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын жана «Эмгек сиңирген» наамдарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан уюштуруу сунушталат.
Талкуу маалында депутат Гүлнара Акимбаева «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардак наамын алып салуунун максатка ылайыктуулугуна көңүл бурса, эл өкүлү Марлен Маматалиев «Эмгек сиңирген» ардак наамынын макамынын төмөндөшүнө токтолуп, ошону менен бирге «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардак наамын алып салуу сунушун сындады.
Депутат Жанарбек Акаев да «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардак наамын жокко чыгарууга болбой турганын айтып, акындарга «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» наамын ыйгаруу туура келбестигин кошумчалады. Комитет төрагасы Курманкул Зулушев бул маселеде айрым ардак наамдар менен сыйлыктарды алып салуунун ордуна бирдиктүү тартип жана ыкма керек экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын учурдагы тутумун толугу менен кайра карап чыгып, жаңы системаны түзүү керектигин билдирди.