• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

8 жашар кызды апасы жазалоо максатында суукта сыртка чыгарып койгон

24 Бештин айы 2020 15:27 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда суукта ич кийимчен сыртта отурган кичинекей кыздын сүрөттөрү жарыяланып, кызуу талкуу жаратты.

Маалыматка караганда, мындай көрүнүш Казакстандын Сары-Арка аймагында болгон. Анда аял 8 жаштагы кызын жазалоо максатында сыртка чыгарып койгон.

Фейсбук колдонуучусу Ильмира Жумат өзүнүн баракчасына окуя тууралуу жазып, кыздын сүрөттөрүн кошуналар тартып алып, журналисттерге жибергенин айткан.

Учурда бул иш боюнча милиция кызматкерлери жана камкордукка алуу  органдары изилдеп жатышат. Мындан тышкары балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө карата объективдүү чечим кабыл алынаары маалым болду. 

Количество просмотров: 2030