Кыргызигдромет борбору күн ысыганына байланыштуу 12-апрелге чейин тоолуу райондордо, тоолуу автоунаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти.
9-апрелде түнкүсүн Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жамгыр жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,
Талас дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,
Нарын жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндуз 1…6,
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтөт. Түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25°.