• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

9-апрелге карата аба ырайы

8 Чын куран 202413:43 Бишкек Govori.TV

 9-апрелде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12 … +17,

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +12…+17,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз + 12…+17.

Бишкекте түнкүсүн +8…+10, күндүз, +13…+15 градус болот.

Количество просмотров: 532