Limon.KG сайтынын инсайдерлери өлкөдөгү эӊ белгилүү Youtube-блогер жана аалым Чубак ажы Жалиловдун өзүнүн сөзү менен айтканда «сүйүктүүсүнүн» сүрөтүн жарыялашты.
Эске салсак, Чубак ажы Жалилов өзүнүн видеоблогдорунун биринде экинчи аялы бар экендигин маалымдап, бул коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын Башкы прокуратурага жазган арызынан улам, ИИМ тарабынан суралып, ажынын расмий бир гана аялы бар жана коомчулукта талкуу жараткан келин сүйүктүүсү экендиги тууралуу маалымат берилген. Кийинчерээк Чубак Жалилов фейсбук тармагына өмүрүндө өзгөчө орунда турган үч гана аялзаты бар болсо, алардын бири расмий жубайы экендигин жазып чыккан. Бирок, талкуу жараткан келинге токтолгон эмес.