Алдыдагы аптада Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
5-марттан 7-мартка чейин түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, тоолуу райондордо гана күтүлөт. 7-мартта күндүз айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт, бирок Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
8-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, күндүз жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болбойт.
10-мартта Чүй, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн жаан жаап, күндүз жаан жааган.
11-марттан баштап жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы акырындык менен жогорулашы мүмкүн.