• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аба ырайы кескин өзгөрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

16 Аяк оона 2020 11:14 Бишкек Govori.TV

17-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында үч күн жаан катуу жаап, бийик тоолуу жерлерде кар түшүүсү күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 18-19-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, тоо этектеринде түнкүсүн 1….6°, күндүз 10…15°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

20-21-сентябрларда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 5850