• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Абактагы Мадумаров кат жазды

4 Чын куран 2024 9:22 Бишкек Govori.TV

Абакта жаткан Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кат жолдоду. Катта Мадумаров өзүнө чыккан өкүм тууралуу пикир жазган.

«2024-жылдын 26-мартынан баштап мен өзүмдү эркиндикте сезем, себеп чындык, акыйкат биз тарапта экендигине толук чекит коюлду. Мамлекеттик айыптоочу менен сот өздөрүн түрмөгө салышты. Себеби алар билип туруп жалган чечим чыгарышты. Бул сезим аларды «өмүр бою» капаста кармайт. Муну алар өздөрү тандап алышты. Мен капаста жатканым менен менин жүрөгүм жана көңүлүм тоолордо шаңшып учкан бүркүт сымал эркин. Бул чыныгы байлык», — деп жазган Мадумаров.

Эске салсак, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровго чечим чыгарып, аны иш боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргиче Мадумаров абакта калган.

Ички иштер министрлиги Адахан Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда кармаган. Ошондон бери ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында жатат. Депутат өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган.

Количество просмотров: 213