Акчаны адалдоого шектелип камакка алынган Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров камактан президент Садыр Жапаровго кат жазды. Анын кайрылуусу менен уулу Руслан Бекназаров фейсбук баракчасы аркылуу бөлүштү.
Бекназаров катында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага банк сейфтери боюнча негизсиз айыптарды коюп жатканын жазган. Анын айтымында, бул иш буга чейин 2010-жылы тергелген.
УКМК Азимбек Бекназаровду кармаганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Мекеме бул боюнча 13-сентябрда маалымат таратып, кармоону 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштырган. Кылмыш-жаза кодексинин «Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо» (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда) беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан.