• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагы Ташов менен Аскат Жетигендин жактоочусу кармалганы кабарланды

29 Жетинин айы 202413:47 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан адвокат Самат Матцаков кармаганы кабарланды. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасына жазды.

Абдирасулованын айтымында жактоочу бүгүн кармалып, үйүндө тинтүү жүргөн.

Белигилей кетсек, Матцаков абакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган Аскат Жетигендин, Ленин райондук соту үч жыл пробациялык жаза берген журналист Актилек Капаровдун укугун коргойт.

Ал эми УКМК бул тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Количество просмотров: 250