• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Алдамчылыкка шектелген жактоочу кармалды

4 Кулжа 202616:38 Бишкек Govori.TV

Судьяларга пара берүү шылтоосу менен алдамчылыкка шектелип жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 4-июнда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК кызматкерлери тарабынан К.Н.Б. жана К.Д.Д. кылмыш иши боюнча кармалып, алардан мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү — 100 миң АКШ доллары табылып, алынды.

Мындан тышкары, аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жактоочу К.Д.Д.га карата дагы өзүнчө кылмыш иши козголду.

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген К.Н.Б. жана К.Д.Д. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 19