• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Абанын температурасы төмөндөп, жаан, мөндүр жаашы күтүлүүдө

20 Чын куран 20229:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 20-25-апрель аралыгында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде түнкүсүн, 24-апрелде күндүз жана 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Количество просмотров: 149