• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абдикаримов: Дааватчылардын санын так билүү кыйын экен

7 Чын куран 2020 10:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-апрелде өкмөттөгү брифингде КРдин Саламаттыкты сактоо министри Абдикаримов коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы абал тууралуу маалымат берип жатат. Анда ага дааватчылар тууралуу суроо узатып, чет жактан келген дааватчыларды көзөмөлдөө кандай жүрүп жатканы айтылды.

Ал жооп берип жатып, дааватчылардын санын так билүү кыйын экенин белгилеп өттү.

«Кыргызстандан сырткары жүргөн дааватчылардын санын тактоо өтө кыйын экен. Учурда муфтият менен иштеп жатабыз. Эгерде алар сырттан келсе, дароо обсервацияга жаткырып, текшерүүгө алабыз», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин дааваттан келген жарандарды 3 күндүк гана обсервацияга алышып, коё берген соң ал адамдан коронавирус чыкканы аныкталган эле.

Количество просмотров: 894