• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Абдыгулов: Доллардын тегерегиндеги абал бир нече күндө калыбына келет

20 Жалган куран 2020 10:27 Бишкек Govori.TV

Доллардын 85 сомго көтөрүлүүсү бир канча күнгө чейин созулат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов брифингде билдирди.

«Мындай кырдаал бир канча күн созулат. Ал эми Улуттук банктын резерви толук жана эч кандай тартыштык жок. Ал эми доллардын баасынын кескин түрдө көтөрүлүп кетүү нефтинин баасынын төмөндүгү жана коронавирустан улам ушундай кырдаал жаралууда. Улуттук банк долларга суроо талап көп болгондуктан ушундай абал жаралды. Бирок ызы-чуу жаратуунун кереги жок, бизде мындай абал алгачкы жолу катталган жок, эсиңиздерде болсо буга чейин да доллардын наркы кескин көтөрүлгөн учурлар болгон.», — деди Абдыгулов.

Эске салсак, кечээ 19-мартта 1АКШ доллары 85сомго бааланган болчу.

Количество просмотров: 91