• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абдыгулов: Улуттук банк кыйналган ишкерлерге жардам берет

20 Жалган куран 2020 10:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын кунунун кескин көтөрүлүп кетүүсү тууралуу маалымат берип жатат.

Улуттук банктын төрагасынын айтымында, кырдаалга байланыштуу кыйналган ишкерлерге жардам берилет.

«Коронавируска байланыштуу чынында эле кыйналган ишкерлерге жардам беребиз. Бирок, айрымдары бул абалдан пайдаланып калууну көздөгөндөр да болушу мүмкүн. Андыктан бул тууралуу тастыктоочу, (мисалы чоң ресторандардын ээлери, же коронавирустан улам жумушунан ажырагандар) документ менен кайрылуусу тийиш. Биз негизинен ишкерлерге доллар менен насыя албоо тууралуу билдирүү тараткан элек. Ага карабастан көбү доллар менен алгандар болду. Бүгүнкү күндө насыялардын 35 пайызы доллар менен алынган, бул жакшы көрүнүш. Кечээ банктардын төрагалары менен жыйын өткөрдүк, ошол жактан ишкерлерге жардам берүү боюнча сүйлөшүү болду», — деди Улуттук банктын төрагасы.

Количество просмотров: 258