• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Абылгазиев: 120 миң мугалимдин айлык акысы көбөйдү

28 Жетинин айы 201913:35 Бишкек Govori.TV

2019-жылы 120 миң мугалимдин айлык акысы көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин айлыгынын эң азына 4 миң 500 сом кошулса, эң көбү 13 миң сомду түздү.

 «2019-жылы 120 миң мугалимдин айлыгы көтөрүлдү. Мугалимдердин айлыгына эң аз дегенде 4500 — 5000 сомдон тажрыйбасына жараша айрымдарына 8 миңден 10 миң сомго чейин кошулду. Буга бюджеттен 8 миллиард сом талап кылынат»,-деди өкмөт башчы.

Мындан сырткары, Абылгазиев октябрь айынан тарта өлкөдө пенсия жана спортчулардын айлык акысы көбөйтүлгөнүн кошумчалады.

Количество просмотров: 150