Жогорку Кеңештин жыйынында комитеттердин төрага орун басарларын шайлоодо депутаттар арасында кайым айтышуу болду.
Депутат Элвира Сурабалдиева төрага Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, аны жана орун басарларын шайлоо “альтернативасыз өткөнүн” белгилеп, комитеттердин маселесине көңүл бурууга чакырды.
Ага жооп берген ЖК төрага Тургунбек уулу эч кайсы депутаттык топко кирбегени үчүн бул маселеде акыркы чечим менен тааныш болбой калганын белгилеп, ар бир комитетке үчтөн гана талапкер көрсөтүлөрүн тактады.