• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Абылгазиев Москвага барып кайсы документтерге кол койду?

26 Тогуздун айы 2019 10:43 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында (Россия Федерациясы) Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында бир катар документтерге кол коюлду.

Документтердин тизмеси:

1. КМШга мүчө-мамлекекттер коомунун санариптик өнүгүү тармагында кызматташуу Концепциясы жөнүндө жана Аны аткаруудагы алгачкы иш-чаралардын планы жөнүндө;

2. КМШга мүчө-мамлекеттердин маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу стратегиясы жөнүндө;

3. Каражаттардын жана заттардын курамынын, касиетинин стандарттык үлгүлөрүн түзүү жана колдонуудагы кызматташуу жөнүндө келишим;

4. КМШга мүчө-мамлекеттердин 2025-жылга чейин ньюкасл илдетин, канаттуулар тумоосун алдын алууда жана дарылоодо биргелешкен иш-аркеттер жөнүндө;

5. КМШга мүчө-мамлекеттердин Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттар жөнүндө;

6. КМШга мүчө-мамлекеттердин 2019-2024-жылдарга карата радионавигация тармагын өнүктүрүүдөгү негизги багыттар (план) жөнүндө;

7. 2018-жылдагы «Уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо» Мамлекеттер аралык максаттуу программанын ишке ашырылшы жөнүндө;

8. 2020-2024-жылдары Ооганстандагы 1979–1989-жыдары согуш учурунда дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөө, көмүлгөн жерин издөө,  эксгумация жана сөөктөрдүн өздүгүн аныктоо, мекенинде кайра көмүү иштерин улантуу жөнүндө;

9. КМШга мүчө-мамлекеттердин оюндары жөнүндө;

10. КМШга мүчө-мамлекеттердин -жылдын 30-ноябрындагы баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуу боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн Протоколу жөнүндө;

11. КМШга мүчө-мамлекеттердеги органдарынын 2018-жылдагы бирдиктүү бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдагы ишмердигин камсыз кылуудагы финансы маселелери жөнүндө;

12. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-өлкөлөрдөгү үлүштүк төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн өзгөрүүсү жөнүндө;

13. КМШга мүчө-мамлекеттердин органдарынын 2020-жылга карата бирдиктүү бюджети жөнүндө;

14. КМШга мүчө-мамлекеттердин Экономикалык сотунун ишмердигинин айрым маселелери жөнүндө;

15. 2020-жылга чейинки КМШ мүчө-өлкөлөрдөгү согуш ардагерлери – локалдык конфликттердин катышуучулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу жана  медициналык-социалдык көмөк көрсөтүүнү мындан ары карай өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын 2019-жылы каржылоо жөнүндө;

16. 2016-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттерде абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражатын пайдалануу жана КМШ мүчө-мамлекеттерде Коргоо министрлер кеңешине караштуу абадан болуучу чабуулдан коргонуу маселеси боюнча Координациялык Комитеттин ишин камсыздоо тууралуу;

17. 2020-жылы КМШ мамлекеттеринде абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө акча каражатын бөлүү.

Количество просмотров: 116