Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана «Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды.
Демилгечи — Кыргыз Республикасынын Президенти.
Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Каралып жаткан маселелер тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.
Алсак, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейин Улуттук программасы жөнүндө» 2021-жылдын 22-октябрындагы №435 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2021-жылга чейин Улуттук программасында аныкталган милдеттерди ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.