• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Грузиянын парламенти чет элдик таасир жөнүндө мыйзамды экинчи окууда колдоду

2 Бугу 2024 9:05 Бишкек Govori.TV

Шаршембиде грузин парламенти  “Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Документти 150 депутаттын 83ү – бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын өкүлдөрү жана алардын өнөктөштөрү колдоду. Добуш берүүгө оппозициялык маанайдагы депутаттар катышкан жок.

Мыйзам долбоорун биротоло жактыруу үчүн ал үчүнчү окууда да кабыл алынышы керек. Добуш берүү 17-майда болору күтүлүүдө.

Мыйзам долбооруна каршы чыккандар шаршемби күнү кечинде Тбилисидеги Грузия парламентинин имаратынын алдына кайрадан чогулушту. Бир күн мурун демонстранттар полиция менен кагылышып, анда оппозициялык “Улуттук кыймыл” партиясынын лидери Леван Хабеишвили жарадар болгон. Бийлик мыйзамды кабыл алуу ниетин жарыялагандан кийин Тбилисиде демонстрациялар бир нече аптадан бери уланууда.

30-апрелде Грузиянын Ички иштер министрлиги «Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө» мыйзамга каршы акциянын 63 катышуучусу кармалганын билдирген.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген «чет элдик агент» мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы каршы чыккан мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген «Грузин кыялы» партия сунуштоодо. Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн «Грузин кыялы» партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат.

Эгер мыйзам кабыл алынса, чет өлкөдөн каражат алгандар «чет элдик агент» катары каттоодон өтүшү керек болот.

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирди. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин айтууда.

Количество просмотров: 91