Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев долбоор боюнча баяндама жасады. Ал документте 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу сунушталып жатканын билдирди.
Эл өкүлү Алишер Эрбаев маселени кароо улантылса, добуш берүүгө келгенде кворум маселеси чыгарын эске салды.
Мындан улам комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев жыйынга танапис жарыялап, кийинки отурум 29-майда өтөрүн айтты.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 19-февралда Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда Кызыл-Омпол уран кенин кайра иштетүү маселеси көтөрүлгөн. Кийин жергиликтүү тургундардан, активисттерден, эксперттерден турган комиссия да түзүлгөн.