• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Агынан жарылды! Кыдырбаев болгону аткаруучу экенин айтты

21 Бирдин айы 2018 12:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.02.2018.Govori.TV
«Электр станциялары» ААКтын башкы директору Узар Кыдырбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо алар болгону аткаруучу экенин айтты. Ал мындай жоопту депутат Алмазбек Токторовдун ТВЕА компаниясы берген 20 миллион грантты кайда жумшалгандыгы боюнча суроосуна жооп берип жатып билдирди.
«Биз болгону келишимди аткауучубуз»,-деди Кыдырбаев.
«Билебиз, бул жерде аткаруучулар гана отурат»,-деп айтты депутат Токторов.
Кытайдын 386 миллион долларын өздөштүргөн ТВЕА компаниясы Кыргызстанга 20,3 миллион доллар грант берген.
Депутат Алмазбек Токторов комерциялык компания 20,3 миллион доллар грант берди деген сөздө логика жок экендигин, бул жерде коррупциянын элементи бар экендигин айтты.
«20 миллион доллар грантты кайсы комерциялык компания берет, эмнеге берет? Бул ачык эле проекти алыш үчүн кыргыз бийлигине берген май токочу болуп жатпайбы»,-деди депутат Токторов.
Депутат Алмазбек Токторов 20 миллион долларды ТВЕА компаниясынан грант деп албастан эле 386 миллион долларлык келишимди 366 миллион долларга түзүү туура болмоктугун, 20 миллион доллар кредитке үстөк пайыз төлөнмөк эместигин билдирди.
Количество просмотров: 4