• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Европага саякат: Бишкекте EU Fest 2026 өттү

6 Кулжа 202621:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкектин Эмен багында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкмуүнчөлүгү жана өнөктөштөрү тарабынан уюштурулган «EU Fest 2026» маданий фестивалы өттү. Фестивалдын негизги максаты — Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы көп жылдык өнөктөштүктү даңазалоо жана элдердин маданияттарын жакынтантуу болду.

«Европага саякат» темасы астында Бул жылкы фестивалдын программасы катышуучуларды Европа өлкөлөрүнүн маданияты, билим берүү жана инновацияларына саякатка алып келди. Катышуучулар ЕБге мүчө мамлекеттердин павильондорун кыдырып, алардын салттары жана долбоорлору менен таанышты. Ошондой эле, мастер-класстар жана чыгармачылык сынактарга катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Интерактивдүү формат жана лотерея Фестивалдын эң кызыктуу бөлүгү — «EU Fest паспорту» болду. Бул буклет аркылуу катышуучулар ар кандай тапшырмаларды аткарып, мөөр топтой алышты. Мөөр топтогон катышуучулар саат 17:00дө өткөрүлгөн лотереяга катышып, сюрприздерди утуп алышты.

Элчинин катышуусу Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Элчиси Реми Дюфло өз сөзүндө: «EU Fest — бул Европаны карталар аркылуу эмес, адамдар, маданият жана идеялар аркылуу жандуу форматта таанып-билүү мүмкүнчүлүгү. Биз Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кеңири өнөктөштүктү сыймыктанабыз», — деп белгиледи.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.

Ал өз сөзүндө Европа фестивалы Бишкек үчүн жакшы салтка айланып бара жатканын белгилеп, анын маданий диалогду өнүктүрүүгө, элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

«Мындай демилгелер элдердин достугун чыңдоодо, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдө, ошондой эле ишеним жана өз ара урматтоо атмосферасын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт», — деп белгиледи Кубанычбек Иманалиев.

Фестивалдын бардык катышуучулар үчүн акысыз экени жана үй-бүлөлүк деңгээлде жагымдуу атмосфера түзүлгөндүгү белгиленди.

Количество просмотров: 90