• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026
Screenshot

Министрлик Бишкекте свет эмнеге өчкөнүн айтты

6 Кулжа 202617:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү.

Ал эми Энергетика министрлиги соцтармак баракчасы аркылуу окуя боюнча маалымат таратып, электр энеогиясынын өчкөнүнүн себебин айтты.

“110 киловольт “Парковая” — “Ала-Арча” линиясындагы 23-опора менен 24-опораны ортосундагы аба чубалгысын хово жүк ташуучу унаасы үзүп кетип, шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калды. Учурда энергетиктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Учурда өлкө аймагында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Бардык курулуш компаниялардан суранабыз, электр тармактарынын жанында корук зоналарын сактаңыздар!”,-деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек электр жарык саат 15:00дөн кийин өчө баштаган. Айрым райондордо жарык кайра күйгөнү кабарланса, кээлеринде дале өчүк бойдон калууда.

Количество просмотров: 71